
28-29-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөт.
"Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз, дароо 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз", - деп билдиришти министрликтен.