Күмүшбек Дүйшөбаев бильярд боюнча Дүйнө чемпиону болду
Өлкөнүн бильярд боюнча курама командасынын мүчөсү Күмүшбек Дүйшөбаев Алматыда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдеш 14-18-август күндөрү ардагерлер арасында өттү.
Ага жалпы 9 мамлекеттен келген 134 спортчу катышкан.
Автор: Каныкей АмантаеваФото: Дене тарбия жана спорт департаменти