Ошто жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери эки нөөмөттө жүрүүдө (сүрөт)

Ошто жаңы базардын жалпы конструкциялык каркастарын ширетүү жана орнотуу, коммуналдык тутумдарын кошуу, кире беришиндеги фасадды куруу боюнча ар тараптуу иштер аткарылууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Ош мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, төрт тараптан базарга кирүүчү жаңы кошумча жолдорду ачуу иштери дагы жүргүзүлүп жатат.

"Курулуп жаткан муниципалдык базардан Курманжан датка көчөсүнө кошулган Шамшат көчөсүнө чейинки аралыктагы жолду кеңейтүү жана асфальттоо боюнча жумуштар жасалууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Барсбек каган айланма жолун кеңейтүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан