Баткен районунун Дара аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чарада 21 жаранга айып пул салынды. Бул туурасында бүгүн, 27-августта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, райондук милиция “Нелегал”, “Издөө”, “Арсенал”, “Укук тартип” аталышындагы рейддик иш-чараларын өткөрүп, кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
“Эки күнүндө ок атуучу куралы бар атуулдар текшерилип, 48 эскертүү актылары түзүлдү. Ал эми жол коопсуздук эрежелерин бузган айдоочуларга 21 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды”, - деп айтылат маалыматта.