Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Ага ылайык, долбоор боюнча каралган 1481 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат, бардык шарттары менен курулду.
Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.