Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылындагы 700 чарчы метр аянты менен 1 гектар дан кампасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2000-жылы С.Б. аттуу экс-чиновник кызматтык абалынан пайдаланып, документтерди жасалмалап, 1 гектар жер тилкеси менен дан кампасын жеке менчикке өткөрүп алган.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында, С.Б. мамлекеттин балансына 6 миллион 100 миң сомду түзгөн дан кампаны өз ыктыяры менен өткөрүп берди.