Эртең, 28-августта Ош облусунун кээ бир аймактарында электр жарыгы берилбейт. "Ош электр тармактары" ишканасынан кабарлашкандай, мындай чектөө оңдоо-түзөө жумуштарына байланыштуу кабыл алынган.
Эртең саат 8:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда электр энергиясы убактылуу болбойт:
Ош РЭТ: Ош шаарынын Ашимахунов, Кара-Суу, Ош, Жим, Жаштар, Мира, Комаров, Масалиев, Раззаков, Салиева көчөлөрүндө.
Сулайман-Тоо РЭТ: Ош шаарынын Р.Абдыкадыров филармониясынын аймагы (Ленин, Курманжан датка көчөлөрү), Т.Атабаев №148, 154, 154б. Геологородок, Достук кичи райондору, Суюнбаев, Т.Атабаев, Б.Примов, Рудничная, М.Абжалов, Шейит-Дөбө району Ленин, Курманжан датка, 8-Март, Кыргызстан, Киев, Победа, Андижан, Мамажан көчөлөрүндө. Төлөйкөн, Арек, Орке, Татар, Кеңеш, Тээке, Ишкаван, Керме-Тоо, Жаңы-Турмуш, Беш-Кепе, Сүрөт-Таш айылдарында.
Кара-Суу РЭТ: Октябрь, Кескен-Жар, Кең-Сай, Курбан-Кара, Стант, Учкун, Каарман, Жоош, Ынтымак, Отуз-Адыр, Агартуу, Эски Маданият, Калинин, Корок, Талаа айылдарында. Жылкелди айылынын Ленин участогунда, Большевик айылынын Теплица жаңы конушунда. Кара-Суу шаарынын Ленин, Нурахунов көчөлөрүндө. Заводская кичи районунда. Социалдык коргоо мамлекеттик мекемесинде, Кара-Суу МАИ кызматынын имаратында, Кара-Суу шаардык мэриясында.
Араван РЭТ: Достук айыл аймагы Жаңы-Араван, Ак-Шар, Жаңы-Арык, Төлөйкөн, Мангыт, Кызыл-Коргон айылдарында жана Дөбө-Коргон айыл аймагында.
Ноокат РЭТ: Кыргыз-Ата, Кеңеш, Исанов, Көк-Бел жана Папан айыл өкмөттөрүндө.