Бүгүн, 27-августта Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушууда Молдогазиев Файды Франциянын Кыргызстандагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын бул кызматтагы иши кыргыз-француз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Элчи Фай эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Ошондой эле пландалып жаткан жогорку деңгээлдеги сапарларды талкуулашты.