Бишкектеги А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери башталды.
Калаа мэриясы анда эски асфальтты фрезалоо иштерин баштоо пландалып жатканын билдирди. Курулуш учурунда жол кеңейтилип, шагыл мастикалык асфальт төшөлөт.
Аталган иштер 2024-жылга карата жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп жатканы айтылат маалыматта.