Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Каракол" тоо лыжа базасына бара турган унаа жолго асфальт төшөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу кечээ, 27-августта Транспорт министрлигинен билдиришти.
Учурда жалпы 7,1 чакырымдын 3,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
Ага ылайык, Абсаттар Сыргабаев жол салуу иштерин кышкы лыжа тебүү сезонуна чейин тездик менен бүтүрүүнү тапшырды.