Ош облусунун Отуз-Адыр айыл аймагында бейтааныш кызды уят сөздөр менен сөгүп кеткен жарандар кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Айта кетсек, "Жанынан өтүп бараткан кызды кармалап, тийишип, сөгүп кетишкен" деген кыска видео тасма социалдык баракчаларга тараган.
Аталган факты Кара-Суу РИИБине каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Натыйжада окуя 25-августта Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында болгондугу аныкталган, ага катыштыгы бар делген Өзгөн районунун 1993-жылы туулган У. уулу С. жана К. Э. аттуу тургундары тергөө кызматына камсыз болушкан. Мындан тышкары аталган райондун А. уулу Б., У.А., Т.С., У.Р., Т.У. жана К.Э. аттуу 6 тургуну суралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
“Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат”, - деп кошумчаланат маалыматта.