Ошто тургундун унаасынан 600 миң сом уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-августта милицияга 22 жаштагы О.Э. арыз менен кайрылган. Анда ал Ош эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаасынын ичинен 600 миң сомун белгисиз жарандар уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары мурда соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Өзгөн районунун 1997-жылы туулган А.А. аттуу тургуну жана Ош шаарынын 2002-жылы туулган Ю. уулу С. аттуу тургуну кармалып, камакка алынышты.
Дагы бир шектүү 23 жаштагы Ж. уулу К. үй камагына чыккан.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары уланууда.