Ошто энелерге "Батыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктары тапшырылды 

Ош шаарында көп балалуу энелерге "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Анда 15 аял "Батыр эне", 11 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланышкан.

“Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Ал эми "Эне даңкы" медалы алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган энелерге берилет.

Ошондой эле "Эне даңкы" медалы жетим балдарды жана майыптыгы бар балдарды окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык иштеген аялдарга ыйгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан