
Бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын Свердлов районунун Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 11:00дө Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, саат 11:11де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.