Мурдагы UFC мушкери Абубакар Нурмагомедов Каспий деңизине чөгүп кете жаздаган аялдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу мушкер Тагир Уланбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Мен анын мындай көңүл бурууну жактырбасын билем. Бирок өткөн дем алыш күндөрү эмне болгонун айтпай коё албайм. Абубакар кечинде Каспий деңизинин жээгинде жүрүп, чөгүп жаткан аялды байкаган. Ал сырттан жардам болбосо аял сууга чөгөрүн көрүп, эч ойлонбостон, өзүн ойлобостон, сууга кирип, аны куткарып калды", - деп жазды Уланбеков.
Уланбеков мындай чечкиндүүлүктү аларга маркум Абдулманап Нурмагомедов үйрөткөнүн баса белгилеген.
Абубакар Нурмагомедов атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедовдун аталаш агасы. 34 жаштагы Абубакар Нурмагомедовдун профессионалдык карьерасында 17 жеңиш, 4 жеңилүү жана 1 тең чыгуусу бар. Ал ушул жылдын февраль айында UFCден кеткен.