Бишкекте троллейбус айдоочуларынын катышуусунда жыйын болду

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы троллейбус айдоочулары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу кечээ, 28-августта аталган ишканадан билдиришти.

Жолугушууга милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жана ИИМдин ЖКККББнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн тескөөчүсү катышты.

"Жыйындын жүрүшүндө жол эрежелерин, жүргүнчүлөрдү тейлөө, жаңы окуу жылына даярдык, шаарда болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу эрежелери айтылып, керектүү чаралар өз убагында колдонуулары жана жол маданиятын сактоо маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан