Эдуард Кубатов баштаган кыргыз альпинисттери Япониянын эң бийик чокусун багындырышты 

Кечээ, 27-август күнү Япониянын эң бийик чокусу Фудзиямага кыргыз альпинисттери чыгышты. Бул тууралуу Аьпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов бүгүн, 28-августта Инстаграм баракчасында билдирди.

"27-август түнкү саат он экиде кыргыздарым Япониянын эң бийик чокусу Фудзиямага (Фудзисан) ийгиликтүү чыкты! Биздин экспедициябыз эгемендүүлүк күнүбүзгө арналды. Алга Кыргызстан!" - деп жазган ал.

Эдуард Кубатовдун айтымына караганда, Фудзияма чокусуна 13 альпинист жана 2 дипломат чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан