Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-августта түштөн кийин жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Электр чубалгыларынан, бак-дарактардын жанынан алыс болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат билдирүүдө.