Биз социалдык тармакта

Кыргыз футзалчылары Бишкекте Япония менен ойнойт

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курамасы Бишкек шаарында Японияга каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футзал федерациясы кабарлады.

Оюндар 20 жана 22-сентябрь күндөрү борбор калаадагы «Газпром» спорткомплексинде орун алат.

Эске салсак, Таиландда болуп өткөн Азия кубогунун «С» тайпасындагы оюндарында Кыргыз Республикасынын курамасы ошол кездеги континенталдык чемпионду Японияны 3:2 эсеби менен жеңген.

Билеттер тууралуу маалымат жана оюндардын убактысы кошумча жарыяланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан