Журналист жана блогерлер арасында республикалык сынак жүрүп жатат

Билим берүү жана илим министрлиги “Мектеп тамак-ашы: келечекке кам көрүү” темасында журналист жана блогерлер арасында республикалык сынак жүрүп жаткандыгын эскертет.
Министрликтен билдиргендей, аталган сынак Орусиянын Тармактык тамактануу институтунун колдоосунда өтүүдө. Сынак 20-июнда башталган.
Конкурстун максаты – мектеп окуучуларынын тамак-ашы темасына коомдун, ата-энелердин көңүлүн буруу, маселелерди талкуулоо жана мектеп тамак-ашынын Улуттук программасы жөнүндө билимдерди жайылтуу.
Сынак жөнүндө маалыматты төмөнкү сайт аркылуу билсе болот.
Катышуу үчүн 21-октябрга чейин журналисттер жана болгерлер Google форманы толтуруп же schoolmealsawards@gmail.com электрондук дарегине материалдарды жиберсе болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан