Жол кырсыкка кабылган "Тез жардамдын" айдоочусу баңгизат колдонуп унаа башкарганы айтылды

Бишкекте жол кырсыкка кабылган "Тез жардам" кызматынын айдоочусу баңгизат колдонуп унаа башкарган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ кечинде Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыктан "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери менен айдоочусу жабыркаган.

Дарыгерлер жол кырсыгынан жабыркаган бейтапты алып бара жатып Манас проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен BMW унаасы менен сүзүшкөн.

Андан реаниматолог, фельдшер жана айдоочу жаракат алган. Ал эми "Тез жардам" унаасындагы бейтап экинчи жолку кырсыкта жаракат алган эмес.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, эки айдоочу тең текшерилип, "Таз жардамдын" айдоочусу баңгизат колдонгон абалда болгону аныкталган. BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу соо болгон.

Окуя болгон жерде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да болгон.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан