Суусамырдагы жол боюнда жайгашкан тамактануучу жайлар оңдолот (видео)

Суусамырдагы Бишкек–Ош унаа жолунун жээгиндеги тамактануучу жайлар иретке келтирилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Андагы маалыматка караганда, жол жээгинде жайгашкан объектилерди иретке келтирүү боюнча эскиздик долбоор даярдалган. Мамкурулуш агентигинин директору Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен эскиздер Панфилов жана Жайыл райондорунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыктары тарабынан иштелип чыкты.

Учурда долбоор жергиликтүү башкаруу органдарына макулдашууга жөнөтүлгөнү маалым болду.

Суусамырдагы жол жээгиндеги тамактануучу жайлар оңдолот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан