Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бүгүн, “Сулайман-Тоо” музей комплексинде “Кылым карыткан тарых жана улуу мурас” аттуу тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Ош мэриясынан билдиришти.
Көргөзмөгө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана студенттер катышышты.
"Кийинки муундарга улуу мурасты жеткирүү жана тааныштыруу максатында даярдалган даректүү көргөзмө тарыхый маалыматтардын негизинде түзүлүп, анда көрөрмандарга 1924-жылдын 14-октябрында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу, анын түптөлүшү тууралуу документалдык материалдар көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.