Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 6 тургуну "Йакын-Инкар" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта УКМК кабарлады.
Маалымдалгандай, диний экстремисттик кыймылдын мүчөлөрү "Йакын-Инкар" радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, ага мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.
Ошондой эле аларга УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди.
Атайын кызмат жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.