1-класска электрондук каттоонун бүтүшүнө үч күн калды

Билим берүү жана илим министрлиги өлкө боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала катталганын маалымдады.
Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 миң 459 бала катталган.
"Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана Баткен облусунда – 12 миң 110 катталды.
Учурда 30-августка чейин анык жашаган жери боюнча mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө", - деп жазылат анда.
Балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алары айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан