"Тез жардам" борбору жол кырсыкка кабылган айдоочу баңгизат колдонбогонун билдирди

"Тез жардам" борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов Бишкекте жол кырсыкка кабылган "Тез жардам" унаасынын айдоочусу баңгизат колдонбогонун SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кырсык болгондон кийин айдоочу баса албагандыктан, ага трамадол сайышкан.

"Бул ооруну басаңдаткан дары. Анализде бул дары наркотикалык дары катары аныкталат. Айдоочуга бул препарат сайылганы документ жүзүндө тастыкталган", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, кечээ "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери менен айдоочусу жабыркаган жол кырсык катталган. Анда реаниматолог, фельдшер жана айдоочу жаракат алган.

Милициянын кайгуул кызматы "Тез жардам" кызматынын айдоочусу баңгизат колдонуп унаа башкарганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан