Бишкек шаарында билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн “100 жыл билим: трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор” аталышындагы август педагогикалык конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта шаардык мэриядан билдирди.
Ага ылайык, иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева, мектеп жана бала бакчалардын директорлору, Санкт-Петербург жана Красноярск шаарларынан адистер катышты.
Анда “Өзгөрүүлөр кылымындагы билим: өткөндүн сабактары, учурдун жаңылыктары, келечекке көз караш” деген темадагы негизги докладды билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жасады.
Мындан тышкары конференцияда билим берүүнүн жыйынтыктарына коюлган заманбап талаптар, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгы, электрондук мектеп системаларын, ошондой эле билим берүү тармагында STEM технологияларды колдонуу боюнча бир катар докладдар окулду.
"Конференциянын “ачык микрофон” бөлүгүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Анын жыйынтыгында катышуучулар конференциянын резолюциясын кабыл алышты.
Жыл сайын өтүүчү август конференциясы биринчи жолу жаңы форматта өтүп, анда инновациялык технологиялар колдонулду. Борбордогу мектептердин жана бала бакчалардын бардык жетекчилерине онлайн режиминде конференцияга катышууга мүмкүнчүлүк берилди", - деп жазылат анда.
Административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын билим берүү түзүмүнө 121 мектеп жана 111 бала бакча кошулганы айтылат.