Аутист баланы чаап жиберген жаран милицияга келип, кечирим сурады (видео)

Бишкектеги ооруканалардын биринде аутист баланы чаап жиберген жаран милицияга келип, баланын жакындарынан кечирим сурады. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдирип, видео менен бөлүштү.

Анда жаран окуя 27-августта Фучик көчөсүндөгү ооруканада болгонун, баланын аутист экенин билбегенин айткан.

"Баланын ата-энесинен жана эжесинен кечирим сурайм. Мен баланын өзгөчө экенин билген эмесмин. Ал сумкамды ачып жатканда баалуу буюмдарды уурдайбы деп ойлогом. Эртеси видео социалдык тармактарга тарагандан кийин өзүм милицияга келдим", - деди ал.

Милиция тараткан маалыматка ылайык, 27-августта Ж.М. арыз менен кайрылып, белгисиз жаран болжол менен саат 13:16 чамасында Фучик көчөсүндө жайгашкан эмканалардын биринде жашы жете элек М.А. аттуу инисин чаап салганын айткан.

Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынары кошумчаланды.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан