Лейлек районунда уруксат кагазы жок 10 даана огу менен ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды жана пневматикалык тапанчаны сактап жүргөн жаран аныкталды. Бул туурасында бүгүн, 28-августта Баткен ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, райондук милиция электрондук журналга каттап, андан ары тергөө кызматына өткөрүп берди. Аныкталган жаран 47 жаштагы Ак-Суу айылынын тургуну У.Т. болгон.
Мындан тышкары райондук ички иштер башкармалыгы "Укук тартип", "Арсенал" рейддик иш-чараларды өткөрүп, 674 кожолукту камтыган 7856 жаранга алдамчылык кылмыш иштери боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүздү.