Эртең, 29-августта Ош облусунун айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ош электр тармактар" ишканасы билдирет.
Маалыматка ылайык, саат 8:00дөн 17:00гө чейин күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу тѳмѳндѳгү даректерде электр энергиясы убактылуу болбойт:
Ош РЭТ: Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасында, Калинин массивинде, Памир, Маруфий, Бакинская, Каримов, Касымов көчөлөрүндө.
Кара-Суу РЭТ: Кызыл-Шарк, Каратай, Топ-Терек, Бекжар, Лянгар, Карван-Кол, Талдык, Алгабас, Лаглан, Тээке, Кичик, Большевик, Киров, Эркин, Коңурат, Ветлечебница айылдарында. Жоош айыл аймагынын Коммунизм айылында.
Араван РЭТ: С. Юсупова айыл аймагы Б.Айдаров, М Султанов, Токтогул, Бабур, Үч-Көпүрүк, С. Айни, В. Ахмедов жана Достук айыл аймагы Беш-Карам, Маданият, Мула-Аман, Чарбак, Н.Юсупов, Пхта-Абад, Жаңы-Араван айылдарында.
Сулайман-Тоо РЭТ: Ош шаарынын филармониясынын аймагы (Ленин, Курманжан Датка көчөлөрү), Абдыкадыров 164, ХХII Партъез көчөсү, Төлөйкөн, Арек, Орке, Татар, Кеңеш, Тээке айылдарында.