Кечээ, 28-августта Париж шаарында XVII Жайкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага 184 өлкөдөн 4 миңден ашуун спортчу катышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Салтанаттуу иш-чараны Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Эл аралык Паралимпиада комитетинин башчысы Эндрю Парсонс сөз сүйлөп ачышты.
Ошондой эле ачылыш аземде асманда Франциянын мамлекеттик желегинин түсүндөгү түтүндөр пайда болуп, концерттик программа коюлду.
Аталган мелдешке эң көп Бразилия өлкөсүнөн 250дөн ашык спортчу барган. Ал эми Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышат.
Белгилей кетсек, Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына жалпы 22 спорттун түрү боюнча 549 медаль ойнотулат.
Паралимпиада оюндары 28-августта башталып, 8-сентябрда аяктайт.