УКМК Салимбай байбачанын тарапташы болгон Баткендин тургунун кармады

Издөөдө жүргөн УКТнын лидери Салим Абдувалиевдин (Салимбай байбача) тарапташы М.М. аттуу Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестринин электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде 1956-жылы туулган Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарыныны тургуну М.М. кармалган.

Кармалган жаран УКМК органдары тарабынан буга чейин издөө жарыяланган Өзбекстан өлкөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев менен жана буга чейинки УКМК тарабынан кармалган 1978-жылы туулган З.Э. менен биргеликте Ташкент шаарында жолукканы маалым болгон (сүрөтү такталган).

Жүргүзүлгөн тиешелүү тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, кармалган жаран УКТнын идеалогиясынан баш тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан