Кара-Балта шаарында коомдук тартипти бузган 17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндөгү даректердин биринде, балдардын мушташып жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат электрондук китепчеге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, бул окуя боюнча 2007-жылы туулган А.Д. жана И.З. аттуу өспүрүм балдар кармалып, Жайыл РИИБине алынып келинген.
Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.