Ыдык көргөн 9 жашар кыздын жакындары: Кызыбыз психикалык жактан оорукчан болуп калды (видео)

Кечээ, 28-августта Чүй облустук сотунда 9 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө айыпталып, 8 жылга соттолгон жарандын аппеляциялык арызы каралды. Сот жабык эшик артында өттү. Кийинки жараян 5-сентябрга белгиленди.

Сокулук районунда 9 жашар өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип 40 жаштагы М.К. аттуу кошунасы кармалган. Аны апрель айында Сокулук райондук соту Кылмыш-жаза кодексининин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан.

Айыпталуучу тарап соттун өкүмүнө макул болбой, жогорку истанцияга кайрылган.

SUPER.KG порталы жараянга келген тараптардан окуянын чоо-жайын сурап көрдү.

Жабырлануучу тараптын айтымына караганда, окуя 12-апрелде болгон. Анда кошунасы 9 жаштагы кызды акча берем деп чакырып, ыплас аракеттерди жасаган.

Ал эми айыпталуучу тараптын жакындары ыдык көргөн кыздын жакындары берген көрсөтмө жалган экенин тастыктаган видео бардыгын жана кыздын атасы акча сураганын билдиришти.

"Ал окуя кошунасынын видео байкоосуна түшүп калыптыр, кыздын жакындары гараждан качып чыгыптыр деп айтып жатышат. Бирок ал жерде качып чыккан киши жок. Окуя үч жарымда болуптур, апасы саат жетиде милицияга кабар бериптир, үч саат эмне кылды? Кыздын атасы бизден 600 миң сом акча сурады, эгер ушул сумманы берсеңер чечилет деп", - дейт айыпталуучунун бир тууган агасы.

Ыдык көргөн кыздын таякеси тескерисинче айыпталуучунун жакындары акча сунуштаганын айтты.

"Эки жеңеси келип, "биз баары бир сотко, милицияга акча беребиз, ал акчаны силерге берели" деген. Бизге азыр 600 миң сом эмес, миллион сом алып келсе дагы кабыл ала албайбыз. Биз эч кандай акча сураган эмеспиз", - деди ал.

Ошондой эле өспүрүмдүн жакындары учурда анын абалы оор экенин белгилешти.

"Жаркылдап ойноп жүргөн кыз болчу. Азыр ал адамдарга аралаша албайт, психикалык жактан оорукчан болуп калды", - дейт кыздын таежеси.

9 жаштагы ыдык көргөн кыздын таекеси
9 жаштагы ыдык көргөн кыздын таежеси
Айыпталуучунун бир тууган агасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан