“50 социалдык объект, 40 өнөр жай ишкана». Өкмөт өлкөдө кандай ачылыштар боло тургандыгын маалымдады

Өлкөдө Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында быйыл 100дөн ашык социалдык объект жана 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ачылат. Мындай маалымат менен министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-августта бөлүштү.

Маалымдалгандай, Эгемендүүлүк күнүнө карата 50дөн ашык социалдык объекти ачылат. Алардын ичине мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, турак-жайлар, спорт мекемелери, маданият мекемелер кирет.

Ошондой эле 40ка жакын өнөр жай ишканалары ишке берилет. Анын ичинде кичи ГЭСтер, курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, соода-логистикалык борборлор, текстиль фабрикалары жана башка ишканалар болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан