Кыргызстандын жолдорундагы эскилиги жеткен жол белгилерин алмаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, учурда №955 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Кочкор-Коммунизм унаа жолунун 0-68-чакырымдар аралыгындагы жол белгилерин жаңылады. Ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун бойлой эскирген жол белгилери алмаштырылды.
Белгилей кетсек, министрликке караштуу Өндүрүштүк-инновациялык борбор мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана жыл башынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 11 миң 250 даана жол белгисин жана 8264 даана катафот чыгарды.
Мындан тышкары өлкө жолдорунда жол белгилерин жаңылоо менен катар жөө адамдар өтүүчү сызыктарды жаңылоо, тазалоо сындуу жумуштар жүрүп жатат.