Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда электрондук кезек системасы иштей баштады

Бишкекте Эне менен баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлерине аймактык саламаттык сактоо уюмдарынан келип түшүүчү электрондук багыттоо системасы пилоттук режимде ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, аймактардан келип, дарыгерге көрүнөм дегендер алдын ала электрондук кезек алып көрүнгөнгө шарт түзүлдү.

"Муну менен 4-5 сааттап кезек күтүү жоюлуп, оорулууларды жазылган күнү, сааты менен кабыл алуу жүрөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан