Мекендештеринен ири суммадагы акча талап кылган чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен ишке орноштуруу жана тиешелүү уруксат кагаздарын каттоо шылтоосу менен кылмыштуу бүтүмгө киришип, мекендештеринин паспортторун ээлеп алып, 4 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган чет элдик жарандар кармалган.
"Кылмыштуу жосунга тиешеси бар чет өлкөлүк адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.