Ошто бала бакчанын адиси пара талап кылууга шектелип кармалды

Ош шаарында бала бакчанын адиси 15 миң сом пара менен кармалды. Бул туурасында бүгүн, 29-августта ИИМдин мааалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда ал июль айында кызын балдар бакчасына киргизүү үчүн мекеменин адиси пара сураганын айткан.

Аталган факт Ош ШИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кечээ бала бакчанын А.Т. аттуу адиси 15 миң сомду алып жаткан учурда кармалган.

Учурда кылмыш иши боюнча тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан