Кыргыз дзюдочусу Эрлан Шеровго Бишкектен эки бөлмөлүү батир берилет. Бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында депутаттар "Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды бекер берүү жөнүндө" мэриянын токтом долбоорун жактырган.
"2018-жылы Эрлан Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң күчтүү дзюдочуларынын рейтингинде биринчи орунду ээлеген. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду. 2023-жылы Азия оюндарынын алтын медалын, 2024-жылы дүйнөлүк чемпиондуктун коло медалын утуп алып, өлкөбүз үчүн олуттуу сыйлыктарды утуп алган Кыргызстандын биринчи дзюдочусу катары тарыхта калды", - деп жазылат маалыматта.
Спортчуга менчиктештирүү жолу менен Тунгуч кичи районунан батир белек кылынат.
Белгилей кетсек, Эрлан Шеров 1998-жылы туулган, дзюдо боюнча өлкөнүн эл аралык даражадагы спорт чебери, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин бүтүрүүчүсү.