Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү телефон уурдоого шектелип кармалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү телефон уурдап колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Алай районунун тургуну арыз менен кайрылып, былтыр ноябрда Ош шаарынын борбордук базарында күрмөсүнүн чөнтөгүнөн Самсунг үлгүсүндөгү телефонун уурдатып жибергенин билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө телефон уурдаган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу соттолгон, Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Ю.М. экендиги аныкталып, кармалган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан