Бүгүн, 29-августта Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун милиция кызматкерлерине заманбап планшеттер менен видео көзөмөл камералары тапшырылды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, алар Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана билим күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга карата саптык кароо учурунда тапшырылды.
Тийиштүү техникалар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен алынгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча 31-август Эгемендүүлүк күнү 15 миң милиция коомдук тартипти карайт. Ал эми Ош облусунун аймагында майрамдык салтанаттарда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга миңден ашуун кызматкер тартылат.