Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 30-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Калган аймактарда күн бүркөк болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10 ... +15, күндүз +23 ... +28,
Талас жергесинде түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +21 ... +26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 ... +17, күндүз +30 ... +32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +8 ... +10, күндүз ... +23 ... +25,
Нарын дубанында түнкүсүн +7 ... +9, күндүз +23 ... +25.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын табы түнкүсүн +13 ... +15, күндүз +26 ... +28 градус болот.