Нарында суу чарбасына караштуу жерлер жеке тараптарга өтүп кеткендиги аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Нарын шаарындагы жерлерди мыйзамсыз ээлеп алып, иштетип жаткан 18 объектти аныктады. Бул туурасында бүгүн, 29-августта мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Атайын текшерүүнүн натыйжасында комиссия менен биргеликте мыйзамсыз коюлган күркөлөр, жол жээгине чыгып кеткен жерлер жана жарнама такталары алынды.

Азыркы учурда бул боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалыматта белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан