
Түштүк Кореяда иштеген Кыргызстандын 83 жараны өлкөгө келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Социалдык фонддон билдиришти.
Ага ылайык, Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн 97 жаран кайрылган. Алардын ичинен 83 адамга бир жолку төлөм төлөндү, ал эми 14 жаранга бериле элек.
Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3483 долларды түздү.