Быйыл күзүндө Жалал-Абадда 1,5 миң адамга ипотекалык үйлөр берилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземинде айтты.
Ташиев ипотекалык үйлөрдү куруу программасын ишке ашырууда жер маселеси жаралганын, шаарда бош жер тилкелери болбогонун айтты.
"Мэрди чакырып айттым, президентибиз ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча тапшырмаларды коюп жатат. Бизге жер бөлүп бергиле, үй куруп берели, акчасын өзүбүз таап келели десем, "шаарда бир сотых жерибиз жок, сизге 10 сотых жер бөлүп бере албайм" дейт. Анан биз изилдей баштадык. Ушундай чоң шаарда мамлекетке, жөнөкөй жарандарга үй салып бергенге жер табылбаса кандай деп. Жерлердин бардыгын "кыйындардын" баары ээлеп алышыптыр. Бир адамга 4 сотых жер жок болуп жатса, кээ бири 4 гектардан жерди ээлеп алыптыр. Алардын баарын изилдеп отуруп, жерлерди алып, азыр ипотекалык үйлөрдү куруудабыз", - деди УКМК башчысы.
Атайын кызматтын жетекчиси ипотекалык үйлөрдүн баары муктаж болгон адамдарга гана берилерин, ал үчүн УКМК текшерүү жүргүзүп жатканын кошумчалады.
"Жалал-Абадда быйыл күздө 1,5 миң адамга үй беребиз. Келе жаткан жылы 5 миң адамга үй беребиз. Үйлөрдүн баары муктаж болгон адамдарга гана берилет. Бул үчүн УКМК ар бир адамды үйү болгонбу же жокпу деп кылдаттык менен текшерип жатат", - деди Ташиев.