Сурамжылоодо элдин Садыр Жапаровго болгон ишеними дагы 4 пайызга өстү

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жүргүзгөн кезектеги сурамжылоодо президент Садыр Жапаровго болгон ишенимдин деңгээли 86,7 пайызды түздү. Жаз айында бул көрсөткүч 82,6 пайыз болгон.

Окуу жай жарыялаган маалыматка ылайык, сурамжылоо ушул жылдын 24-августунан 28-августуна чейин жасалган. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 1000 адам катышкан.

Респонденттердин 87,5 пайызы жакынкы 5-10 жылда Кыргызстан экономикалык жактан өнүккөн мамлекет болоруна ишенимин билдирген.

Изилдөөгө катышкандар өлкөдөгү эң көйгөйлүү маселе катары баалардын өсүп жатканын (26%), айлыктын аздыгын (23%), жумушсуздукту (19%) аташкан. Ошондой эле бул катарда төртүнчү болуп өлкөдөгү коррупцияны (11%) белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан