Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолуна асфальт төшөлүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиргендей, асфальт төшөө иштерин "Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №52 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери аткарууда.
"Асфальттын астыңкы катмары төшөлүп, лотоктор орнотулуп жатат. Алдыда аталган тилкеге экинчи катмар басылып, тротуар куруу жана жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Аткарылып жаткан иштер бардык жол куруу нормаларына жооп берет", - деп жазылат анда.