Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн өзбекстандык эки аял жана аларга көмөктөшкөн жаран кармалды

Баткен облусунда мыйзамсыз миграция уюштурган жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун тургуну М.А. чет өлкөлүк жарандарды миграциялык мыйзамды бузуу жолу менен алып келип иштетип жүргөндүгү аныкталды.

"Ал Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз бузуп өткөн Өзбекстандын эки жаранын (аял кишилер) транспорт каражаттары менен камсыздап, жумуш орундарын түзүп берүүгө шарт түзгөн. Ошондой эле аларды убактылуу каттоого койбой, өлкөгө кирүүгө, чыгууга, жүрүүгө жана иштөөгө эч кандай документтери жок болгондугун билип туруп, Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүрүүгө шарт түзүп, мыйзамсыз миграция уюштургандыгы аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча кыргыз жаранына Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграция уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду.

Ал эми чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн чет өлкөнүн эки жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан