Чаткал дарыясына унаасы менен түшүп кеткен жигиттин денесинин бир бөлүгү табылды

Жалал-Абадда Чаткал дарыясына түшүп кеткен жарандын жансыз денесинин бир бөлүгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-август күнү Чаткал дарыясына унаа түшүп, ичиндеги эки жаран сууга агып кеткен.

Издөө иштеринин натыйжасында, Беш-Арал коругунун Найза тилкесинде бир жарандын жансыз денесинин баш сөөктөрү табылган.

Милиция тарабынан анын аты-жөнү такталып, ал Ноокат районунун 1998-жылы туулган Р.А. аттуу тургуну экени аныкталган.

Издөө иштери убактылуу токтотулганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан